Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:25

Украинанын аймактарына 150дөн ашык дрон менен сокку урулганы кабарланды


Киев орусиялык дрон чабуулуна кабылды. 6-июль, 2025.
Киев орусиялык дрон чабуулуна кабылды. 6-июль, 2025.

6-июлга караган түнү Украинага 157 орусиялык дрондор менен сокку урулуп, алардын 117си атып түшүрүлгөнүн Киевдин Аба күчтөрү билдирди.

“Душмандын дрондору 19 аймакты бутага алганы катталды, ошондой эле атып түшүрүлгөн дрондор эки жерге түштү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Харьковдо дрон чабуулунан эки киши – 46 жаштагы аял жана бир бала жабыркаган.

“2 жаш 8 айлык кыз катуу стресске кабылган. Ага зарыл медициналык жардам берилип жатат”, - деди облустун башчысы Олег Синегубов.

Киев облусунда үч киши жараат алганы маалым болду.

“Дрондун сыныктары 35 жаштагы кишинин далына, колу жана бутуна тийген. 79дагы аял жана 75 жаштагы киши катуу стресске кабылды”, - деп жазды облустун башчысы Николай Калашник.

Анын айтымында, эки көп кабаттуу үй зыян тартып, төрт гараж жана бир унаа күйүп кеткен, үч машина жабыркаган.

Түнкү дрон чабуулдары Запорожье шаарына жана районунда да катталган. Облустук администрациянын башчысы Иван Федоровдун билдиришинче, соккунун кесепетинен жеке ишкананын имараты, кампа жана айыл чарба техникалар зыян тарткан. Юрковка айылында 89 жаштагы аял жараат алып. үйү жабыркаган.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы орусиялык күчтөр Харьковдо жана Херсондо мурда сокку урулган жерде иштеп жаткан украиналык куткаруучуларды бута алганын билдирди. Мында өрт өчүрүүчү цистерналар зыян тартып, куткаруучуларга эч нерсе болгон эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG