Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:47

Миң-Куш: Көчкү жүргөн тилкеде көмүр казуу убактылуу токтотулду


Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тараткан видеодон алынган сүрөт.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тараткан видеодон алынган сүрөт.

Жумгалдын Миң-Куш айыл аймагындагы Как тилкесинде 6-июлда “Минерал Прайм” ишканасы көмүр казып жаткан учурда жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка караганда, көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 млн метр куб болгон. Эч ким жабыркаган жок жана техникага зыян келтирилген эмес.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) иштеп жатат. Жер көчкү коркунучу сакталып турганына байланыштуу көмүр казуу убактылуу токтотулду.

Жумгалдын Кара-Кече кенинде 2020-жылы тоо урап, жолду бөгөп салган. 2021-жылы дагы жер көчүп, бир экскаваторду басып калган.

Аталган райондогу Кара-Кече жана Миң-Кушта бир нече көмүр кендери бар. Аларды мамлекеттик жана менчик ишканалар иштетишет. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG