Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Поэзияда сезим революциясын жасаган Омор Султанов


Омор Султановдун жаш чагы. (сүрөттөр Жазуулар союзунун Фейсбук баракчасынан алынды)
Омор Султановдун жаш чагы. (сүрөттөр Жазуулар союзунун Фейсбук баракчасынан алынды)

Жети-Өгүздүн Тосор айылында Кыргызстандын бардык аймагындагы калемгерлердин башын кошкон "Омор Султанов - поэзиянын султаны" аттуу маданий иш-чара өттү. Анда акындын ырлары окулуп, ырдалды. Омор Султановдун кыргыз поэзиясына салган чыйыры айтылды.

Ысык-Көлдүн боюнда сүйүүнү жоктогон бир эстелик бар. Ал кадимки эле таш.

Бирок жонулбай, канча кылымдан бери жаткан бул муздак таш бир кезде эң ысык, эң күчтүү сезимди даңазалаган ырлардын жаралышына себеп болгон экен.

Эгер кокусунан Тосорго барып калсаңыз, бул моло таштын боорунда “Ак булуттар” ыры жазылганын көрөсүз.

Убагында акын Омор Султанов жээкке, ушул таштын түбүнө эргүү издеп далай келиптир.

Омор Султановдун "Ак булуттар" ыры жазылган таш. Тосор айылы, Жети-Өгүз.
Омор Султановдун "Ак булуттар" ыры жазылган таш. Тосор айылы, Жети-Өгүз.

Акын кайсы бир маегинде "Ак булуттарга" Асанкалый Керимбаев обон жазып, ушул жерден ырдап бергенин эскерген жайы бар. Көл жээгинде муңдуу ыры жаңырганда акын өксүп ыйлаган экен.

Өмүрдү коштогон армандын, айрылуунун гимнине айланган “Ак булуттар” андан бери сүйүүсүн жоготкон далай адамды жашытса керек.

Таш бетиндеги бул ыр Омор Султанов төрөлүп, чоңойгон Тосордо эки күн бою жаңырып турду. Акынды эскерүү үчүн 5-6-июлда айылга өлкөнүн булуң-бурчунан акын-жазуучулар, поэзия күйөрмандары чогулду. Алар "Сен жөнүндө поэманы" окушуп, обон созушту.

Тосор поэзия сүйүүчүлөрдүн Меккесине айланабы?

Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган фестивалды “Тосор” коому уюштурган. Көл жээгиндеги ташка акындын ырын калтыруу да ушул коомдун мүчөлөрүнүн идеясы. Айбек Сарыгул баштаган Жети-Өгүздүн уул-кыздары коомду он жыл мурда түптөшкөн.

Коомдун негиздөөчүлөрүнүн бири Тыныбек Жукешов келечекте өрүгү төгүлгөн, бак-шактуу бул айылды маданий туризмдин очогуна, Омор Султановдун махабат ырлары жаралган көл жээгин поэзия сүйүүчүлөр зыярат кылган жайга айлантууну самайт.

Тыныбек Жукешов.
Тыныбек Жукешов.

“Айбек Сарыгул экөөбүз он жыл мурда “Тосор” коомун түптөгөнбүз. Азыр өзүңөр көрүп тургандай жемишин татып жатабыз. Чыңгыз Төрөкуловичтин аты менен Шекер айылы дүйнөгө таанылса, Тосордун даңкы Омор Султановдун аты менен чыгып жатат. Бул жерге убагында Чыңгыз Айтматов, башка акын-жазуучулар дагы келип турушчу. Жээктеги таштарды эл арасында “Омордун таштары” деп коюшат. Омор ава ыр жазардын алдында ушул таштардын жанында көлдү карап отуруп эргүү алчу экен. “Ак булуттар” ушул жерде жазылганын эске алып, монументке айлантып койдук. Бул биздин коомдун жалгыз эле иши эмес. Кийинки жылы дагы өлкөнүн бардык аймагында маданий иштерди уюштурганы жатабыз. Мурда чыккан, жарык көрө элек чыгармаларынын баарын китеп кылып чыгардык. "Түрксой" 2015-жылы Омор Султановдун жылы деп жарыялабады беле. Ошол жылдары ырлары түрк тилине которулган. Азыр эми башка дагы тилдерге котортууну максат кылып жатабыз. Айылдын ортосунда 50-жылдары курулган клуб бар эле. Анын ордуна республикалык масштабдагы маданий борбор салып жатабыз. Ага Омор Султановдун атын беребиз”.

"Омор Султанов сезим революциясын жасаган"

"Түрксой" уюмунун жетекчиси, Эл жазуучусу Султан Раев “Омор Султанов – поэзиянын султаны” фестивалына конок болуп келди. Ал Омор Султановдун көзү тирүүсүндө “Сүйүүнү акылым түгөнгөнчө” жазам деп айтканын эске салды.

Жазуучунун пикиринде, махабатты даңктоо акынды топтон суурултуп чыгарган өзгөчөлүгү да, кеменгерлиги да болгон.

Султан Раев.
Султан Раев.

“Ал өзү жөнүндө, сезим жөнүндө, адамдагы Адамдыкты жазган акындарыбыздын бири болгон да. Анын “Адам турмушу” деген ыр түрүндөгү романы кыргыз поэзиясындагы өзгөчө жаңылык. Буга чейин Аалы Токомбаев “Кандуу жылдарды” жазса, Омокем аны таптакыр башкача дүйнөдө, башка түшүнүктө жазды да. Ошол эле “Чарчоонун жүзүнчү ырын” алалы, Пабло Неруданын ушундай түрмөктөрү бар эмеспи. Аны кыргыз кыртышына салып, өзүнүн жаңычыл боёктору менен жазганы үчүн Омор Султанов болуп калды деп ойлойм. “Отузунчу станция” деген китеби дагы кыргыз поэзиясындагы өзгөчө жаңылык. Поэзия дегенди мен вулкан, сезимдердин вулканы деп эсептейм. Ал ыргылжың-мыргылжың, дарактын көлөкөсүндө эмес, шак эле төбөдөн ургандай болушу керек. Ошондой касиет Омокемде бар эле. Ошол эле учурда ал өзүнүн поэзиядагы ак сөөктүгүн көргөзө алды. Өзүнө чейинки салттуу нукту бузган акындардын бири болду. Адамдын ички уйгу-туйгуларын, сезимдерин жаап-жашырып же ашыкча боёбой, кандай болсо бере алган масштабы, горизонту бар акын эле. Махабатты ага чейин деле жазышкан дечи, бирок Султанов өзүнүн сезим революциясын дагы, сезим эволюциясын дагы жазган акын боло алды. 60-70-жылдагы муун Омор Султановдун поэзиясы менен өстү десем болот. Кийинки акындар аны туурагылары келди, бирок Султановдой боло алышпады”.

Омор Султанов: Сен жөнүндө поэма

Билбейм кайдан табылгансың сен мага
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм буйрук алып тагдырга
Башкалардын миңи сага татыбай.

Же атайы сен жаралып мен үчүн
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн
Зарлап тапкан перзентимдей көрөмүн.

Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө
Ал түн мага сени эскерткич боёктой.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.

Уктаганда сенин уйкуң менде бар
Ойлоруң да ойлорума киришкен.
Биз экөөбүз эки сандай барабар
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.

Султан Раев муну менен акындын курч, жылдызы жанган кезинде жазган ырлары менен кийин жазган ырларынын ортосунда айырма барын белгилей кетти.

“Жаш кезиндеги ырларында эмоция, эч нерсени жашырбаган чындык, жаштык дем бар. Бирок адам өсөт да, окуйт, ички дүйнөсү өзгөрөт дегендей. Ошол эволюция интеллект аркылуу келет. Кээде жалаң интеллектке салган чыгармалар да жазылат дегендей. Ошол жагынан алганда алгачкы Омор, кийинки Омордон түп тамыры менен айырмаланат. Мен ошентип ойлойм. Бирок эң башкысы Омор Султанов ошол өз доорунун ырын калтырып кетти. Ал дүйнөнү өзүнчө көрө алды жана ошондой жазды. Бизде чыгармачыл адам жаңычылдык алып келиш керек дешет. Бирок адам ошол жаңычылдыкты өзүнөн издөөгө тийиш. Өзү гана кудуреттүү, ички дүйнөсү күчтүү болсо өздүгүн же иденттүүлүгүн табат да. Поэзияда ар бир адам кандай болсо ошондой калууга тийиш. Кудайды биринчи кезекте өзүбүздөн издешибиз керек. Өзүбүздөн таба албаган кудайды сырттан да таба албайбыз. Ошол касиетти Омор Султановдон көрөм. Ал баскан-турганы, жүрүм-туруму менен жакшы мааниде айтканда педант акын болгон”.

"Алыкулдун таасиринен чыгып, өз чыйырын салган"

Кыргыз акындарынын арасында Алыкул Осмоновду пир тутпагандар аз чыгаар. Омор Султанов дагы бир кезде Алыкулдун күйөрманы болгон экен. Бирок кийин ал таасирден чыгып, өзүнүн мектебин түптөй алган.

Жазуучу, публицист, философ Чоюн Өмүралиев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде акындын мындай бурулуш жасашына доор, 60-жылдар түрткү болгонун белгилеген жайы бар.

“Ала-Тоо” журналынын 50-жылдагы басылышын карап көрсөм, ошол жылдардагы акындардын көбү эле Алыкулчу экен. Бүт эле Алыкулдун мектебинде каныгып, Алыкулдун таасиринде калган. Сүйүнбай Эралиевдин 1952-жылы чыккан “Тууган жер” деген китеби бар да. Эгер ошондон Сүйүнбай деген атты алып салсаң, Алыкулдун эле ырларын көрөсүң. Тек гана Сүйүнбайда элпектик бар да, Алыкулда кайсы бир деңгээлде кожогойлук, келегейлик бар. Ушул нерседен гана айырмалай аласың. Омордун да алгачкы эки китебинде Алыкулдун таасири бир топ. Бирок Омокемде кандай болду? Муну бир поэзиядагы бактылуу тагдыр деп койсок болот. 60-жылдар күжүлдөп кирип келди. Омор Алыкулдун мектебинде көпкө кармалбай, байыр албай тез чыгып кетти. Буга ошол 60-жылдар өзү түрткү болду. Ошол мезгилде мүлдө совет өлкөсүндө чоң жарылуулар болгон да, анын ичинде поэзияда дагы. Омокең чоң акын да, ары жагында дүрмөтү, көрөңгөсү бар, турмуштун өзүндө кайнап чыккан. Ошонун баары жаңы билимге аралашып, 60-жылдары өз жүзүн таап кетти. Ошол жарылган, өзүн ачкан жыйнагы - “Отузунчу станция”. Бул өтө чоң жаңылык болгон. Салттуу эле ырларды жаңыртып, жаңыча жазып жиберди да”.


Омор Султанов поэзияда өз чыйырын салуу менен өз мектебин түптөй алган. Кийин анын таасири менен ыр жазган калемгерлердин өзүнчө тобу пайда болду.

Акын Толукбек Байзак чыгармачылык жолунда Омор Султановду устаты катары эсептейт. Анын көл боюнда жаралган ырлары кийин өзүнүн деңиз жээгинде жазылган ырларынын башаты болгонун айтты:

Толукбек Байзак.
Толукбек Байзак.

“Мен 1984-1985-жылдары университетке окууга өткөндө Омор агабыз Жазуучулар союзунун катчысы эле. Жазуучулар союзунун алдында Алыкул Осмонов атындагы ийримди да жетектечү. Ага Алик Акималиев, Барчынбек Бугубаев болуп барчубуз. Ал киши биздин устатыбыз болуп калды. Поэзияда анча-мынча ийгиликтерим болсо, ошол кишиге карыздармын. Омор ага 80-жылдары баралына келип турган. “Чарчоонун жүзүнчү ыры”, “Сен жөнүндө поэма” деген жыйнактарындагы ырларын жатка билчүбүз. Ал киши менен ээрчишип, Тосор айылына чейин келчүмүн. “Волгасына” салып, жанында далай ээрчитип жүрдү. Бир эле адабият, поэзия тууралуу эмес, турмуш жөнүндө да көп сүйлөштүк. Омор аганын ырларына таасирленип далай ырларды жаздым”.

Омор Султанов түптөгөн ийримге алгачкылардан болуп Мая Осмонкулова, Кожогелди Култегин, Кыялбек Урмамбетов, андан кийинки муундан Атахан Кожогулов баштаган бир катар акындар барган. Алар устатынын белгилүү саптарынан окушту.

Акын, журналист Элмира Ажыканова Кыргыз радиосунда иштеп турганда Омор Султанов менен көп маектешкен. Ал акын дүйнөдөн кайткандан кийин бир топ ырларын аудиолоштуруп, социалдык тармактар аркылуу элге жеткирди.

Элмира Ажыканова.
Элмира Ажыканова.

“Мен акын Омор Султанов менен көп эле маектештим. Чыгармачылык жолумда көп насааттарын уктум. Акындар кээде өзүн жасайт да. Бул киши табияттан тубаса акын болуп жаралган. Бирок өзүн акынмын деп айтчу эмес. Өзүнүн бир интервьюсунда “Мен өзүмдү акынмын деп айтпайм, мен жазуучумун, акын болуш оор, ал жүк аны көтөрүш керек. Мен акын боло алдымбы же жокпу?" деп айтчу. Өмүрүнүн соңунда “Поэзияга келаткан жолдо” деген автобиографиялык баян жазган. Тээ бала күнүнөн бүгүнкүгө чейин жазам деп бирок жетишпей калды. Ырларынын тарыхын, обондордун тарыхын камтыган. Ошол эмгеги элге жете элек. Эми жетсе керек. Андан маек алышканда "Сүйүү ырларыңыздын каарманы ким эле?" деп көп сурашчу экен. Бирок так бирөөнү айтчу эмес. Бир ирет “Бир гана адамга арналган эмес. Бир топ образдарын жыйындысы” деп жооп берген".

Омор Султанов, "Манас" ааламы жана жаштар

Көл кылаасы акындардын эле эмес чоң манасчылардын дагы кичи мекени. Ошондонбу Омор Султанов өмүрүнүн акыркы жылдары эпоско, анын айтуучуларына көп кайрылган экен. Манасчы Рыспай Исаков акын менен "Манас" ааламы тууралуу көп сүйлөшкөнүн эскерди.

Рыспай Исаков.
Рыспай Исаков.

“Карбалас Бакировдун сөзү менен айтсак, Омор агай поэзиянын кабыланы болчу. Агай жөнүндө сөз кылганда поэзиянын кенендиги, чексиздиги эске түшөт. Дөө-шаарлар Омор агай тууралуу айтып жатканда ал тууралуу сөз кылганыбыз жөнсүз деп ойлойм. Биздин айтканыбыз Омор Султановду ачып бербейт, тескерисинче бизди ачып берет. Ал биздин сүрөттөөбүзгө, көз карашыбызга муктаж эмес, өзүнүн зор дүйнөсүн түзүп койгон киши. Акыркы жылдары “Тосор” коому түптөлүп, чогуу аралашып жүрүп калдык. Бул дагы Омор агайдын кеңеши менен болсо керек деп ойлойм, манасчылардан дагы кошкула деп айтса керек. Ошол жыйындарда Саякбай Каралаев тууралуу көп сүйлөштүк. Аны менен жакын, сырдаш болгонун, орой сөздөрүн көп укканын айтып берип, анан “Манасчылар назигирээк болуп баратасыңар” деп сөз менен чымчып койчу. Кийин Фейсбук баракчаларымда “Манас” жөнүндө айта баштаганда “жакшы нерселерди айтып жатасың, "Манасты" кайра үйрөнүп, кайра окугандай болуп жатам” деп жүрдү”.

Омор Султанов жазып кеткен сүйүү ырлары 60-жылдары дүң болуп, андан кийин далай акынга дем бергенин үстүдө жаздык. Ал ырлар азыр дагы өз доорун сүрүп, жаш акындарга дем берип жатканы байкалат. Акын, обончу жана ырчы Нуржигит Молдояров акындын “Сен жөнүндө поэмасын” жатка айткан жаштардын бири.

“Көп эле ырларын жатка билем. Бир ырына обон жаздым. Аны элге чыгара элекмин. Бүгүн эл алдында ырдайын деп ойлогом. Бирок даярдык жетишпей калды. Омор Султановдун чыгармаларынан гениалдуулук сезилип турат. Илимпоз болбогондуктан талдай албайм, бирок жан дүйнөмө жагат. Омор Султановду окуп туруп, анан башка акындарды окуганда бийиктиги кадимкидей көрүнөт. Саптары жасалма эмес, анан өзүнөн өзү эле музыка чакырат экен”.

Омор Султанов: "Сен жөнүндө поэма"

Сен жөнүндө баштап бүтпөс поэма,
Каламыма бердим таап зор бакыт.
Сени ойлоп ар бир баскан кадамда
Сени менен күн да батып, таң атып.

Ушул саптар касиети сөзүмдүн
Жазарымда өрүк болуп эзилдим.
Сүйүү мени кете жазды эритип
Өзүмө өзүм оттон ысык сезилдим.

Кайдан келип, кайда мени алпарат?!
Түшүп бердим толкунуна сезимдин.
Эми ар дайым жүрөгүмдө салтанат
Эми ар дайым сенсиң, анан өзүммүн.

Мага келчү майда өкүнүч, кайгылар
Урундуңар тоскоолдукка урабас.
Эми мени кебелте албай калдыңар
Мен чынармын кылым көктөп куурабас.

Баса, фестивалда “Махабат ырлары” сынагынын жыйынтыгы да чыкты. "Тосор" коому, Маданият министрлиги жана Жазуучулар союзу уюштурган бул сынакта сүйүү ырларын жазган беш жаш акынга акчалай сыйлык тапшырылды.

Жаштардын ырларын акындар Сагын Акматбекова, Бурулкан Сарыгулова, Самидин Стамбеков, Мирлан Самыйкожо, Аида Эгембердиева баштаган бир катар акындар баалаган.

Эл акыны Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. "Тоо күндөрү", "Жылдыздуу түндөр", "Отузунчу станция", "Аэропанорама", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" жана башка ондогон ыр жыйнактарынын, "Улуу дайра", "Мухитке жол" жана башка очерк, аңгеме, повест жыйнактарынын автору болгон. Акын 2022-жылы 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG