Техас штатындагы суу ташкынынан кеминде 43 киши каза болду

Техастагы суу ташкыны.

АКШнын Техас штатындагы суу ташкынынан кеминде 43 киши каза болгонун, алардын 15и балдар экенин жергиликтүү бийлик билдирди. Штаттын башкармалыгы каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин айтты. Мындан тышкары жайкы лагерде эс алып жаткан 27 кыз дайынсыз болууда.

Штаттын Керр аймагынын шерифи Ларри Кита ишембинин кечинде 850 киши эвакуацияланганын жана сегиз киши жараат алганын билдирди.

Техастын бир нече аймагында өзгөрө абал киргизилди, көптөгөн жолдор талкаланып, телефон байланышы үзүлгөн.

Куткаруучулар Кервилл шаарынан алыс эмес жердеги Camp Mystic жайкы лагериндеги 27 кызды издеп жатышат. Лита алар табылмайын, издөө операциясы улана берерин билдирди.

Улуттук метеорология кызматы мындай суу каптоолор Техастын түштүк тарабындагы Комал аймагында да катталышы мүмкүн экенин эскертти.

Техас штатынын губернатору Грег Эбботт өзүнүн токтому менен куткаруучуларга бардык ресурсту колдонууга уруксат берип, дайынсыздарды издөө иши үзгүлтүксүз жүрүшү керектигин билдирди. Бардык штаттарда Көз карандысыздык күнүнө карата майрамдык иш-чаралар токтотулду.

АКШ президенти Дональд Трамп Техастагы кырсыкты “нес кылган” жана “үрөй учурган” окуя деп мүнөздөп, Ак үй штатка кошумча жардам берерин убадалаган.

Би-би-Си басылмасы CBS News каналына таянып билдиргендей, Техас штатындагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бейшемби күнү аба ырайынын начарлашына даярдык көрүү боюнча бир нече жыйын өткөргөн. Бирок расмий өкүлдөрдүн айтымында, Улуттук метеорология кызматтары "жаан мынчалык нөшөрлөп жаай турганын алдын ала айткан эмес".

Баштапкы маалыматка караганда, жаан-чачындын көлөмү 200 миллиметрге жетиши мүмкүн болчу.

Керр округунун шерифи Гуадалупе дарыясы жана башка суулардын боюнда жашаган тургундарды бийик жерлерде баш калкалоого чакырды.

Дагы караңыз

Израил Газа боюнча тынчтык келишимин талкуулоого катышарын билдирдиБритания Сирия менен дипломатиялык алакасын калыбына келтиргенин жарыяладыТүркияда үч шаардын оппозициячыл мэри кармалдыОрусия 15тен ашуун аймагы чабуулга кабылганын кабарлады Трамп: Украинага абадан коргонуу үчүн Patriot системасы керек