Ысык-Көлдө "Омор Султанов - поэзиянын султаны" аттуу фестиваль өттү

Ысык-Көлдүн Тосор айылында 5-6-июлда "Омор Султанов - поэзиянын султаны" аттуу фестиваль өттү. Ага Кыргызстандын булуң-бурчунан акын-жазуучулар, адабиятчылар жана ыр ышкыбоздору катышты. Көл жээгинде акындын обондуу ырлары ырдалып, окулду.

Кыргыз эл акыны Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган маданий иш-чараны "Тосор" коому уюштурган.

Фестивалдын алкагында жаш акындар арасында Жазуучулар Союзу, Маданият министрлиги жана Тосор коому уюштурган "Махабат ыры" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Анда кызыктыруучу 5 миң сом сыйлыкка Исамидин уулу Бектур жана Дүйшөнбек уулу Жакшылык ээ болушту. 3-орунду алган Элгиза Бусурманкул кызына 20 миң сом ыйгарылды. 2-орунду алган Таалайбек уулу Канатбекке 30 миң сом, 1-орунду алган Бектемир Асылбеков 50 миң сомдук сертификат менен сыйлады.

Жаш калемгерлердин ырларын акындар Сагын Акматбекова, Бурулкан Сарыгулова, Самидин Стамбеков, Мирлан Самыйкожо, Аида Эгембердиева баштаган акындар баалаган.

Омор Султанов 1935-жылы Тосор айылында жарыкка келген. Анын чыгармачылыгы өткөн кылымдын 60-жылдары эл оозуна алынган. "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" жана башка бир катар поэтикалык ыр жыйнактардын автору. Акын 2022-жылы 87 жашында дүйнөдөн кайткан.

"Тосор" коомун Айбек Сарыгул баштаган ишкерлер түптөгөн. Коом маданий иш-чараларды, поэзия кечелерин өткөрүүгө демөөрчүлүк кылып келет. (ST)

Дагы караңыз

Кыргыз-орус билим берүү мейкиндиги боюнча жумушчу топтун курамына Илан Шор да кирдиТехас штатындагы суу ташкынынан кеминде 43 киши каза болдуИзраил Газа боюнча тынчтык келишимин талкуулоого катышарын билдирдиБритания Сирия менен дипломатиялык алакасын калыбына келтиргенин жарыялады