Бишкекте айт намазы өттү
Бишкектин Эски аянтында өткөн айт намазга 35 миңдей киши келди. Бул тууралуу шаардык милициянын басма cөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Намаздын алдында Курман айттын мааниси тууралуу муфтий Максатбек Токтомушев жана башка кызматкерлер айтып беришти. Президенттин атынан анын кеңешчиси Мухамметкалый Абулгазиев жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов кыргызстандыктарды куттукташты.
Чыгарылыштар
-
Июль 07, 2025
Газа: Катардагы сүйлөшүүдөн эмне майнап чыгат?
-
Июль 05, 2025
Кыргыз жылкысы жоголуу коркунучундабы?
-
Июль 04, 2025
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү
-
Июль 04, 2025
Москва-Баку тиреши: Кармоолор уланууда