Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

Борбор Азия

Pegasus тыңчылык программасын иштеп чыккан Израилдин NSO Group компаниясынын кеңсеси. Герцлия, Израил.
Pegasus тыңчылык программасын иштеп чыккан Израилдин NSO Group компаниясынын кеңсеси. Герцлия, Израил.

2021-жылы жарыяланган масштабдуу изилдөөгө ылайык, израилдик NSO Group компаниясынын Pegasus тыңчылык программасын дүйнөнүн 45 өлкөсүнүн өкмөттөрү колдонгон. Тыңчылык программадан кантип коргонууга болот?

Программа Казакстандын президенти менен премьер-министринин, ал тургай жарандык активисттер, укук коргоочулардын телефондорун бузуп кире алат.

Жакында АКШда өткөн сотто израилдик компания анын программасын колдонгон үч өлкөнү атады, анын ичинде Өзбекстан да бар.

Сиз күн сайын колдонгон жөнөкөй смартфон тыңчылыктын чыныгы куралы болуп калышы мүмкүн. Анткени, программа киргизилген телефон сиз качан уктап, качан ойгонгонуңузду, кайсы жерлерге барганыңызды, эмне кылганыңызды, эмнени угуп, кимдер менен сүйлөшкөнүңүздү жана эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканыңызды билет. Гажет ал маалыматтарды программаны киргизип, телефон ээсин аңдыгандарга бере алат.

Коррупцияны ашкерелеген OCCRP уюму тарабынан беш жыл мурда жарыяланган изилдөө дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдардын телефондору Pegasus аркылуу хакердик чабуулга кабылышы мүмкүн экенин көрсөттү. Amnesti International жана 17 маалымат каражаты израилдик компания иштеп чыккан программа аңдууда пайдаланылганын ачыктады.

Аңдууга кабылгандар тизмесинде эки миңге жакын казакстандык номур бар. Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев, андан кийин премьер-министр Аскар Мамин жана Алматы шаарынын мэри Бакытжан Сагинтаевдин ысымы кирген. Мындан тышкары журналисттердин, активисттердин, укук коргоочулардын жана бизнесмендердин смартфондору да хакердик чабуулга кабылган болушу мүмкүн. OCCRP киберчабуулдарда көптөгөн өлкөлөрдүн жогорку даражалуу аткаминерлери бутага алынганын, кардарлар негизинен башка өлкөлөрдүн чалгын кызматтары болгонун жазышкан. Бирок Казакстанда андай эмес, казак бийлиги өзү жарандарды аңдууда бул программаны колдонгон.

Журналисттердин иликтөөсүнө караганда Pegasus программасын 45 мамлекеттин бийлиги колдонгон.
Журналисттердин иликтөөсүнө караганда Pegasus программасын 45 мамлекеттин бийлиги колдонгон.

Тыңчылык программа эмне максатты көздөйт?

Кардарларын көптөн бери жашырып келген израилдик NSO Group компаниясы жакында Pegasus программасын сатып алган үч өлкөнү атоого айтууга аргасыз болду.

2019-жылы Меtа компаниясынын арызынын негизинде NSO Group компаниясына каршы козголгон кылмыш иши АКШнын сотунда каралды.

Доо арызда израилдик компания WhatsApp (Meta компаниясынын тиркемеси) менен түзүлгөн келишимдин шарттарын, АКШнын федералдык жана жергиликтүү мыйзамдарын бузганы, Pegasus аркылуу мессенжерut чабуул жасаганы жана мыйзамсыз кибертыңчылык кылганы айтылган.

Сотто NSO Group компаниясынын өкүлү террорчулукка каршы күрөштө жардам берүү үчүн Pegasus программасын өкмөттөргө бергенин кайталады.

Аны колдонгондор катары Өзбекстан, Сауд Арабия жана Мексиканы атаган. NSO Group менен алты жылга созулган сот 2025-жылдын май айында аяктаган. Айыптар далилденген жана сот NSO Group WhatsAppтын ээсине 168 миллион доллар төлөп бериши керек деген чечим чыгарган.

Журналисттердин айтымында, Казакстан Pegasus колдонгон 45 өлкөнүн бири.

Тизмедеги миңдеген казакстандыктардын арасында «Oyan, Qazaqstan» кыймылынын активисти Дархан Шарипов да бар.

Дархан Шарипов
Дархан Шарипов

"Мындай тизмеге кирип калам деп ойлогон эмесмин. Биз андай атактуу адамдар эмеспиз да, жөн гана жарандык активистпиз. Бирок бийлик ушундай кадамга барды. Менимче, бул бийлик. Башка кимге керек эле? Pegasus программасынын баасы, ал эмнеге жөнөкөй активисттерге каршы колдонулганы боюнча суроолор бар. Муну мен жеке жашоого кол салуу деп баалайм. Биз мыйзамды бузган иш кылбайбыз", - дейт Шарипов.

Израилдик жеке менчик NSO Group компаниясы 2011-жылы Pegasus программасын иштеп чыкканы биринчи жолу 2016-жылдын августунда белгилүү болгон. Адистердин айтымында, программаны орнотуунун баасы кеминде жарым миллион долларды түзөт. Бир эле телефонду бир жыл бою көзөмөлгө алуу, системаны жаңылоого кеткен чыгымды эске алганда, бир миллиондон эки миллион долларга чейин кетет. Саясат таануучу Димаш Алжановдун телефонуна израилдик тыңчылык программасы киргизилген болушу ыктымал. Ал интернет катуу көзөмөлдөнүп, маалымат агымы электен өтүп, жарандык активисттер куугунтукка алынган өлкөдө аңдуунун бардык түрү колдонулат деп эсептейт.

Димаш Алжанов
Димаш Алжанов

"Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мындай окуяларга каршы туруунун бир нече жолу бар. Өлкөдө маалыматты ачык талкуулоо же кандайдыр бир иликтөө жүргүзүү үчүн институттук негиз болушу керек. Израилдик компаниянын программасынын ачыкка чыкканы демократиялык институттары бар өлкөлөрдө мындай көрүнүш мүмкүн экенин далилдеди. Муну Казакстанда элестетүү кыйын. Балким, бул тизмеде мамлекеттин азыркы жетекчилеринин аты-жөнүн камтыгандыктан өлкө ички иликтөө жүргүзгөн. Ачыктык жок жерде пиар күтпөш керек. Демократиялык өлкөлөрдө деле мындай учурлар болгон, бирок маалыматтар жашыруун болуп чыкты. Кайсы бир мамлекет өз жарандарына тыңчылык кылганын мойнуна алса, чатак чыгары анык. Ошондуктан, көпчүлүк: «Ооба, бул чын, тыңчылык болгон, аны жашыруу мүмкүн эмес» деп моюнга алуу менен чектелишет. Ким буйрутма берген, кайсы мамлекет, эмне максат болгонун эч ким айтпайт. Казакстанда деле ушундай эле жагдай".

PEGASUS ТИЗМЕСИНДЕГИ САЯСИЙ ЛИДЕРЛЕР

Иликтөөчү журналисттер 2021-жылы аныкташкандай, Pegasus программасы орнотулган 50 000 аппараттын арасында Франциянын президенти Эммануэл Макрондун телефону да болгон.

Кийинчерээк Франциянын прокуратурасы кибер байкоо жана ыктымал хакерлик, билдирүүлөрдү мыйзамсыз тыңшоо ыктымалдыгы боюнча иликтөө башталганын жарыялады.

Казакстанда 2022-жылдын жайында ошол кездеги санариптик өнүгүү министри Багдат Мусин Пегасустун айланасындагы жаңжалга мындай комментарий берген:

"Бул биздин компетенциябызга кирбейт. Муну менен алектенген атайын мекемелер бар. Мисалы, Ички иштер министрлиги же Улуттук коопсуздук комитети. Алардын ар бири өзүнүн компетенциясы бар. Бул боюнча иштеши керек".

Башта айтып өткөндөй, Pegasus тизмесине Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев да кирген. Иликтөөнүн авторлорунун айтымында, Токаев бул тизмеге 2017-жылы же 2018-жылы мажилистин спикери болуп турганда кирген. Ал кезде Улуттук коопсуздук комитетин 2022-жылы Токаев кызматынан бошоткон Карим Масимов жетектеп турган (кандуу Январь окуясынан кийин Масимов чыккынчылык, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 18 жылга эркинен ажыратылган).

УКМК аталган тыңчылык программаны колдонууну улантып жатабы, OCCRP иликтөөсүнөн кийин "Pegasus тизмеси" боюнча иликтөө жүргүзүлдүбү жана программаны колдонууга жооптуулар аныкталдыбы? “Азаттык” бул суроолорду коопсуздук комитетине жөнөтүп, 24-июнда мекемеден “сиз сураган маалымат жок экенин билдиребиз” деген кыска жооп алды.

PEGASUS КАНТИП ИШТЕЙТ?

Pegasus - бул гажеттин ээсинин уруксатысыз телефонго жашыруун орнотулган программа.

Бул эбегейсиз потенциалы бар технология. Программанын акыркы версиялары менен кардарлар уруксатчыз эле телефонду көзөмөлдөй алышат. Бул үчүн смартфонго келген билдирүүнү ачуунун же шилтемени басуунун кажети жок. Apple, Google, Microsoft сыяктуу гиганттардын коопсуздук программалары мындай тыңчылык программаны иштеп чыккан айрым компаниялардын продуктыларына өз убагында туруштук бере албайт. Вирус телефонго алыстан киргизилет. Эксперттер муну zero-click чабуулу деп атап коюшат.

Программаны орноткон тарап ошол учурдан тартып телефондогу бардык билдирүүлөрдү окуй алат, сүрөттөрдү жана видеолорду көрө алат, геолокацияны, чалууларды, кат алышууларды көрөт. Ал камера жана микрофон аркылуу анын бүт күнүмдүк жашоосун угуп-билүүгө жөндөмдүү, сыр сөздөрү менен банктык реквизиттерине да оңой жете алат.

"Көптөгөн уюмдарда маалыматтык системалар бөлүмдөрүндө техникалык адистер бар. Муну программисттер жакшы билишет. Кандай гана телефон болбосун, мейли Android же iPhone болсун, анын арткы жана алдыңкы камералары аркылуу байкоого болот. Башкача айтканда, камера жана микрофон аркылуу адамды тымызын тыңшоого болот. Эгер телефонуңуз тыңшалып калса, баары көзөмөлдөнөт - ким менен сүйлөшөсүз, сизге ким чалып жатат, ал тургай, сиздин жеке аккаунтуңуздагы бардык маалыматтарыңызга жана сүрөттөрүңүзгө оңой кире алат. Муну сиз билбешиңиз мүмкүн, эгер телефонуңуз катуу ысып чыкса видео жана аудио жаздыруулар жасалып жаткан болушу ыктымал”, - дейт Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Отабек Ахмедов.

NSO компаниясынын жетекчилери Pegasus программасы террористтерге жана коркунучтуу кылмышкерлерди көзөмөлдөө максатында иштелип чыккан деп түшүндүрөт. Алар программалык камсыздоону мыйзамдуу колдонуу үчүн бир катар өлкөлөрдүн коопсуздук кызматтарына сатылганын моюнга алган. Бирок кайсы өлкөлөр, кандай шартта жана канчага сатып алганын “коммерциялык сыр” деген шылтоо менен ачыкка чыгара элек.

ТЫҢЧЫЛАРДАН КАНТИП КОРГОНОБУЗ?

Pegasus жөнөкөй вирустарга караганда алда канча татаал. Көпчүлүк учурдакадимки антивирустук программалар аны аныкта албайт. Адистер программаны табуу да, аны жок кылып кутулуу да кыйын экенин айтышат.

Казакстандык активист Дархан Шарипов тизме тууралуу маалыматтардан кийин интернеттеги коопсуздукка көбүрөөк көңүл бура баштаган:

"Телефонуңуз iPhone болсо iOSтун эң акыркы версиясын жүктөп алышыңыз керек. Бейтааныш адамдардан келген Telegram же Whatsapp шилтемелерине, алар эмне жазбасын кирбеш керек. Телефонуңузду мезгил-мезгили менен өчүрүп күйгүзүп турушуңуз керек, анткени мындай учурда Pegasus программасынын иши үзгүлтүккө учурайт. iPhone'до Lockdown Mode функция жакында эле кирди, ал иштетилгенде программага тоскоол боло турган FaceTime жана iMessage токтоп, бөгөттөлөт. Мындан тышкары эки факторлуу аутентификацияны иштетишиңиз керек. Тиркеме аркылуу кирип, бардык аккаунттарыңыз үчүн паролду колдонушуңуз керек", - деди Дархан Шарипов.

Журналисттердин Pegasus тыңчылык программасы тууралуу иликтөөсүнөн кийин Google, Apple жана Meta сыяктуу технологиялык гиганттар системаларында кошумча коопсуздук чараларын киргизди.

Кыргыз жылкысы жоголуу коркунучундабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:35 0:00

Изилдөөчүлөр кыргыз жылкысы жоголуу коркунучунда экенин айтууда. Кыргызстанда жарым миллион жылкы бар, беш миңдейи гана таза кандуу кыргыз жылкысы. Кыргыз жылкысы дүйнөдөгү жылкынын башка түрлөрүнөн эмнеси менен айрымаланат? Анын туягы кыскарып жатканына эмне себеп? “Данисте” программасында.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG