Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:41

ИИМ райондук прокурордун мурдагы жардамчысын маңзат соодасына айыптап кармады


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги Бишкектин райондорунун прокурорунун мурдагы жардамчысы интернетте маңзат сатууга шектелип кармалганын билдирди. Министрликтин 7-июлдагы маалыматына ылайык, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында Телеграм социалдык тармагы аркылуу марихуана саткан интернет-дүкөндүн ишмердиги аныкталып, токтотулган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул заттар атайын текшерүү үчүн сатып алынып, кара куурайдын негизги психоактивдүү компоненти болгон ТГК (Тетрагидроканнабинол) жогорку деңгээлде камтылган баңгизаттын үлгүлөрү алынган.

“Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган, борбордун райондорунун биринин прокурорунун мурдагы жардамчысы М.у. Н. кармалып, анын жанынан баңгизаттар, прокурордун жардамчысынын күбөлүгү, банктык карталар жана уюлдук телефондор табылган. Жашаган жерин тинтүүдө ири өлчөмдөгү марихуана, кара куурай менен спирттүү тундурмалар, ошондой эле өсүмдүктөрдү өстүрүүгө арналган жабдуулар – фито-нарколаборатория (гроутенттер, лампалар, термометрлер жана башка буюмдар) табылып, алынды”, - деп жазылган маалыматта.

Маңзат сатуудан каражаттар электрондук төлөм системалары аркылуу, үчүнчү жактардын атына катталган эсептер аркылуу түшүп турганы аныкталган.

2024-жылы баңгизаттар боюнча 1087 кылмыш аныкталганын, анын 144 фактысы интернет аркылуу маңзат сатууга байланыштуу экенин ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 24-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирген. Ал интернет аркылуу маңзат сатуу көйгөйү курчуп жатканын белгилеген.




Шерине

XS
SM
MD
LG